• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда COVID-19ду экинчи жолу жуктуруп алган учурлар көп – Бейшеналиев

COVID - 19 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19ду кайра жуктуруп алган учурлар көп катталууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, биринчи учур мындан 3 ай мурда катталган.

"Азыр биз кайталанган учурлардын эсебин түзбөйбүз, анткени күн сайын жаңы учурлар көп катталууда. Стационарларда оор абалдагы бейтаптардын арасында экинчи жолу жуктургандар дагы бар. Илдетти кайра жуктургандар ооруну ар кандайча көтөрүшөт", - деди министр.

Бейшеналиев кайталанган учурлар кандагы антителанын азаюусуна байланыштуу экенин билдирди.

"Ошондой эле дозаларды алуунун ортосунда вакцинадан өткөндөр дагы коронавирус жуктуруп алган учурлар кездешет. Бирок алар ооруну кадимкидей көтөрүшөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий