• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 3 медик коронавируска кабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 3 медик коронавируска кабылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Бишкек шаарында бир, Ош облусунда 2 медик ооруп калды.

"Ал эми бир суткада ооруканалардан 6 медкызматкер жана үй карантининен 15 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3202 учур катталды, алардын ичинен 2822 медкызматкер айыгып чыкты", - деп билдиришти штабдан.

Белгилей кетсек, 21-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 55 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 45 миң 471ди түзөт. Алардын ичинен 41 миң 682 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий