• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Пакистандык компания Кыргызстанга дары-дармек түрүндө жардам көрсөттү

COVID - 19 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Пакистандык компания Кыргызстанга дары-дармек түрүндө жардам көрсөттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги, Кыргызстандын жогорку жетекчилигинин, Тышкы иштер министрлигинин тапшырмасынын алкагында Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү үчүн дары-дармектерди Саламаттык сактоо министрлигине жөнөттү.

Салмагы 500 кг ашык дары-дармектер “Expo Kyrgyzstan — Eurasia 2021" көргөзмөсү учурунда министрликтин өкүлдөрүнө тапшырылды.

Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Пакистандан өлкөгө жүктөрдү жеткирүүгө көмөктөшкөн "Авиатрафик" авиакомпаниясына, ошондой эле көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн “Salbion” компаниясына терең ыраазычылыгын билдирет.

Элчилик COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүдө гуманитардык жардамды тартуу боюнча жигердүү ишти уланта берет.

Пикир

Оставить комментарий