• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери коронавирусту аныктоо боюнча экспресс-тесттен өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 11-январда Бишкекте КР Айыл чарба министрлигинин кызматкерлеринин арасында коронавирусту аныктоо боюнча 310 экспресс-тест өткөрүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Бишкек шаарында коронавирус жуктуруп алгандарды эрте аныктоо жана эпидемияга каршы профилактикалык иш-чаралардын комплексин өз убагында жүргүзүп, оорунун өсүшүнө жана жайылышына жол бербөө максатында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий