• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сутка ичинде 9 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Сутка ичинде 9 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте бир, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 6 медик илдетке кабылды.

"Ал эми бир суткада 3 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 7 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 327 учур катталды, алардын ичинен 3 059 медкызматкер айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 5-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 207 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 47 миң 635ти түзөт. Алардын ичинен 43 миң 521 киши айыгып чыкты, 1 миң 66 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий