• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Өлкө аймагындагы стационарларда 1 миң 123 жаран дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Өлкө аймагындагы стационарларда 1 миң 123 жаран дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, стационарда 1123, амбулатордук түрдө 1470 бейтап дарыланууда.

"2020-жылдын 29-сентябрынан 5-октябрга чейин жалпысынан 8804 коронавирустук инфекцияга лаборатордук изилдөө өткөзүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 5-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 207 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 47 миң 635ти түзөт. Алардын ичинен 43 миң 521 киши айыгып чыкты, 1 миң 66 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий