• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө дарыгерлерди ишембиликке чыгууга мажбурлашуудабы? – Саламаттык сактоо министрлигинен жооп

Аймак 0

Бишкек, 25.03.19. /Кабар/. Ысык-Көлдө дарыгерлерди ишембиликтер боюнча отчет жасоону талап кылышууда. Бул тууралуу бириккен Ысык-Көл облустук ооруканасынын үй-бүлөлүк дарыгери фейсбуктагы "KG Дарыгерлери" тайпасы - Кыргызстандын дарыгерлер коомчулугунда билдирген.

Ал билдиргендей, дарыгерлерди ар ишемби сайын ишембиликке чыгууга мажбурлашууда.

"Эми ошол жүргүзүлгөн ишембиликтер боюнча таблица түрүндө отчет берүүнү талап кылышууда: канча адам ишембиликке чыкты, канча таштанды чогултулду ж.б. деген. Бул шылдыңдообу? Ансыз да акимчиликтин кызматкерлери келип, текшерип жатышат. Биздин ага убактыбыз жетпейт. Анткени биздин бейтаптарыбыз көп", - деп жазган ал дарыгер.

Ал эми Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо координатору Мирбек Өмүрбеков "Кабар" агенттигине билдиргендей, ишембиликтер облустун көрктөндүрүү боюнча үч айлыгы тууралуу токтомунун негизинде жүрүүдө.

"Ишембиликтерге бир гана дарыгерлер эмес, башка уюмдар да чыгууда. Дарыгерлерди эч ким мажбурлаган жок. Алар өз ыктыяры менен ар ишемби күнү саламаттык сактоо мекемелеринин аймагында тазалоо иштерин жүргүзүүдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий