• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө ири суммадагы акча уурдап, өлкөдөн чыгып кетүүгө аракеттенген адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.08.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө Агроаптеканын мурдагы кызматкери сейфтен ири суммадагы акча уурдап, өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 18-июль күнү Каракол ШИИБне 260 миң сом акча уурдалгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул билдирүү шаардык милициянын КБРне катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.

Жеринде милиция кылмышкерлер Агроаптеканын короосуна кошуна үйлөрдүн чатыры аркылуу түшүп, имараттын кире бериш эшигин талкалап, видеокөзөмөл камераларын өчүрүшкөнүн аныктаган.

Андан соң алар сактоочу жайдан ачкыч алып, сейфти ачкан.

Кылмышка шектелип компаниянын мурдагы кызматкери 37 жаштагы Б.А. «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунан кармалган .Ал чек арадан өтүүгө аракет кылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин уурдоо беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Каракол ШИИБнин н тергөө кызматы окуянын чоо-жайын тактоо иштерин улантууда.

Шаардык соттун чечими менен шектүүгө карата тергөөнүн жүрүшүндө камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий