• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Манас” аэропортунда тажик жараны жасалма паспорт менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.09.18. /Кабар/. 2018-жылдын 28-сентябрында чек арачылар “Манас-аэропорт” көзөмөл өткөрүү жайынан жасалма паспорт менен өлкөгө кирүүгө аракет кылган Тажикстандын жаранын кармашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, “Манас” аэропортуна Стамбул-Бишкек 348-рейси менен учуп келген жарандарга паспорттук көзөмөл жүргүзүү учурунда чек ара кезмети толугу менен жасалма паспорт 1985-жылкы Б.Х., аттуу Тажикстандын жаранын аныкташкан.

Документти текшерүү учурунда чек арачылар паспортун толугу менен жасалма экендигин аныкташкан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран КР УКМК аймактык бөлүгүнүн кызматкерлерине тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий