• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө коронавирус жуктурган акыркы бейтап оорудан айыгып, бейтапканадан чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Бүгүн 3-июнь күнү Балык шаарныда коронавирус жуктурган акыркы бейтап оорудан айыгып, бейтапканадан чыгарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Балыкчы шаарынын 25 жаштагы ал тургуну 4-май күнү Москвадан келген. Андан биринчи жолу экспресс тест алынганда анын жыйынтыгы оору жок экенин көрсөткөн. Бирок кийинчерээк жасалган ПЧР анализдин жыйынтыгы оору бар экенин көрсөтүп, ага байланыштуу 20-май күнү ал бейтап обсервациядан Балыкчыдагы шаардык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган.

“Бүгүн кайра алынган ПЧР анализдин жыйынтыгы таза чыгып, Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык ал жаран үй карантинине жөнөтүлдү”, - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунда жалпы 14 бейтап коронавирус жуктурган. Учурда алардын баары айыгып, үйүнө чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий