• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында ЕРӨБдүн колдоосу менен жаңы таштанды полигону курулат

Аймак 0

Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) каржылык колдоосу менен Ош шаарында жаңы санитардык полигон курулуп, эски таштанды полигону рекультивацияланат.

Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей,финансы министринин орун басары Руслан Татиков долбоорду ишке ашыруу иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мэрдин орун басары Сонунбек Жунусбаев долбоордун алкагында "Ош-Тазалык" ишканасынын техникалык жана материалдык базасын чыңдоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Учурда долбоорду ишке ашыруучу компаниялардын сунуштары, тиешелүү иш кагаздары каралып жатат. Жыйынтыгы менен жеңүүчү аныкталып, курулуш иштери башталат.

Белгилей кетсек, бул иштер ЕРӨБдүн "Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу" долбоорунун алкагында ишке ашууда.

Пикир

Оставить комментарий