• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР грек-рим күрөшү боюнча курамасы Азия чемпионатында командалык эсепте 2-орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатында командалык эсепте 2-орунду ээледи.

Бишкекте өткөн чемпионатка 20 өлкөнүн тандалган балбандары катышты.

Учурда Кыргызстандын капчыгында 6 медаль бар (1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло).

Алтын медалды Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жеңсе, күмүш байгени Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Акжол Махмудов (77 кг) багындырды. Коло медалга Улан Муратбек уулу (55 кг), Бекзат Орункул уулу (82 кг) жана Эрлан Манатбеков (130 кг) татыды.

Эске салсак, грек-рим күрөшү боюнча мелдештер 15-16-апрель күндөрү “Бишкек Арена” шаардык муз аянтчасында өттү. Анда жалпы 10 медаль топтому ойнотулуп, ата мекендик спортчулар 10 салмак ченинде күч сынашты (55 кг, 60 кг, 63 кг, 67 кг, 72 кг, 77 кг, 82 кг, 87 кг, 97 кг жана 130 кг).

Пикир

Оставить комментарий