• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө кыргыз-казак консулдук консультацияларынын кезектеги раунду өттү

Саясат 0

Бишкек, 08.06.23./Кабар/. Кечээ, 7-июнда Ысык-Көл облусунда кыргыз-казак консулдук консультацияларынын кезектеги раунду өттү. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды: кармалган жарандар тууралуу ыкчам маалымат берүү, эки өлкөнүн жарандарынын кирүүсүнө тыюу салуу жана кармоо маселелери боюнча чек ара кызматтарынын өз ара аракеттенүүсү, тараптардын мамлекеттик органдары тарабынан берилген документтерди таануу, Кыргызстандын жарандарынын Казакстандын аймагында болуу тартибин жөнөкөйлөтүү, кароосуз жана камкордуксуз калган балдарды кайтаруу боюнча компетенттүү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү, Казакстанда мурда жазасын өтөп, шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотулган Кыргызстан жарандарынын маселелери.

Миграция мыйзамдарынын өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстан жарандарынын Казакстандын аймагында болуу тартибин жөнөкөйлөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Казак тарап кыргыз тараптын тынчсыздануусуна түшүнүү менен мамиле кылып, ошондой эле көрүлүп жаткан чаралар миграциялык кырдаалды жалпы жөнгө салууга багытталганын белгиледи. Негизинен казак тарап кызматташууга даяр экенин билдирди. Пикир алмашууну эске алуу менен тараптар эки өлкөнүн жарандарынын болуу режимин жөнөкөйлөтүү боюнча иштерди улантышат.

Тараптар күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча конструктивдүү түрдө маалымат алмашып, көйгөйлүү аспектилерди чечүү боюнча сунуштарды киргизишти, ошондой эле өз позициялары тууралуу маалымат беришти.

Консультациялардын алкагында тараптар талкууланган ар бир маселе боюнча ишти улантуу боюнча макулдашууга жетишти.

Пикир

Оставить комментарий