• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери чек ара маселесин талкуулашты

Саясат 0

Минск, 30.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Беларусиянын Минск шаарында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Мамлекет башчылар Минскке Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн келишти.

Президенттер эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашып, ошондой эле, чек арадагы абал боюнча пикир алмашышты. Жолугушуунун жыйынтыгында президенттер маалымат жыйын беришти.

Назарбаев Жээнбековду Кыргызстандын президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады.

“Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселесинин себебин баарыбыз билебиз. Ошондуктан биз мындай чечимге келдик: эки өлкөнүн өкмөтү түзгөн “жол картасы” бар, биз аны карап чыктык. Эки өлкөнүн жумушчу тобу ошол “жол картасын” карап чыгып, кол коюшат”,-деп билдирди Назарбаев.

Ал билдиргендей, Кыргызстан жана Казакстан тараптан да чек арада көзөмөл орнотуу чечими кабыл алынды. Ошондой эле, ЕврАзЭс тарабынан да үч адам жүктөрдү карап, өткөрүп турушат. Ошондой эле өңүттөгү текшерүү Кытай менен болгон чек арада да жүргүзүлөт.

Назарбаев ошондой эле Жээнбековду расмий иш сапары менен Казакстанга чакыргандыгын кошумчалады.

Өз кезегинде Жээнбеков куттуктоосу жана жылуу сөздөрү үчүн Наразбаевге ыраазычылык билдирди.

Жээнбеков ага бекем ден соолук, ал эми, боорбош Казакстандын элине бакубаттуулук каалады.

“Биз Нурсултан Абишевич менен бардык суроолор боюнча сүйлөшүп, бир пикирге келдик. Эки өлкөнүн өкмөтү декабрь айынын ичинде “жол картасын” иштеп чыгуулары керек. Ошондо көптөгөн маселелер чечилет, себеби дегенде алар чечиле турган эле маселелер. Чек ара “жол картасына” кол коюудан мурда эле ачылат. Эки тараптуу кызматташуу боюнча маселелер келишилген мөөнөтүн ичинде чечилет”,-деп баса белгиледи Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий