• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Кыргыз-венгер экономикалык байланыштарын түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн келечеги» темасында тегерек стол өттү

Саясат 0

Бишке, 13.02.21. /Кабар/. Экономикалык дипломатияны жайылтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин негизинде ушул жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин демилгеси менен «Кыргыз-венгер экономикалык байланыштарын түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн келечеги» темасында тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы саясий департаментинин директору Э. Өмүралиев, Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Шандор Дороги, Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин өкүлү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын президентинин 2020-жылдын сентябрь айында Венгрияга болгон расмий иш сапарынын алкагында өткөн кыргыз-венгер бизнес форумуна катышкан ата мекендик компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ш. Дороги Венгрия тарап Кыргыз Республикасын негизги өнөктөш катары эсептээрин жана кыргыз-венгер эки тараптуу мамилелерин мүмкүн болушунча жогорку деңгээлге жеткирүүгө абдан кызыкдар экендигин белгиледи. Ушул алкакта, элчи 2020-жылы жогорку жана эң жогорку деңгээлде өткөрүлгөн биргелешкен алгылыктуу иш-чаралар эки өлкө үчүн өз ара кызматташуу жагынан абдан маанилүү экендигин белгиледи.

Венгриялык дипломат кыргыз-венгер өнүктүрүү фондун түзүү иштери аяктоо алдында тургандыгын жана жакын арада бул фондго бөлүнгөн каражат инвестициялык долбоорлорду каржылоого жеткиликтүү болорун баса белгиледи.

Тегерек столдун жүрүшүндө кыргыз-венгер соода-экономикалык кызматташтыгынын кеңири чөйрөсү боюнча ачык жана конструктивдүү пикир алмашуу болуп өттү, ошол эле учурда тараптар эки мамлекеттин ортосундагы эң ири коммерциялык ишмердүүлүк болгон саламаттыкты сактоо, ошондой эле тамак-аш өнөр жайы, энергетика, туризм ж.б. тармактарына көңүл бурушту.

Жакынкы келечектин перспективаларына токтолуп, Ш.Дороги эки өлкөнүн ортосунда туризм жаатында тыгыз кызматташтыкты орнотуу ниети жөнүндө маалымдап, эки өлкөнүн ортосунда аба каттамдарды жүргүзүү жана Кыргызстанды Европа Биримдигинин жүгүртүү агымына кошуу маселеси боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө билдирди. Ушул контекстте ал ушу жылдын жаз айларында Бишкекте жергиликтүү туристтик компаниялардын колдоосу менен туризм боюнча конференция өткөрүү пландалып жаткандыгы жана WizzAir компаниясы тарабынан биргелешкен түз аба каттамын жүргүзүүнү тездетүү зарылдыгы тууралуу билдирди.

Иш-чаранын жыйынтыгында тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантуу жана кыргыз-венгер кызматташтыгын өркүндөтүү жөнүндө макулдашууга жетишилди жана кыргыз-венгер ишкерлер клубун түзүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий