• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлгө 19 жашар бала чөгүп кетти

Кырсык 0

БИШКЕК, 14.08.17 /Кабар/. Дем алыш күндөрү Ысык-Көлдө 19 жаштагы бала сууга чөгүп, дагы экөөнү куткарып калышты,- деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

12-августта Ысык-Көлдөгү Баетов айылындагы “Вавилон” эс алуу борборунун аймагында 19 жашар бала көлгө чөгүп кеткен. Куткаруучулар анын денесин эртеси күнү табышкан.

13-августта саат 13:30 чамасында Бишкектеги Комсомол көлүндө куткаруучулар сууга чөгүп бараткан 12 жаштагы өспүрүмдү куткарып калышкан.

ӨКМ кызматкерлери Ош облусунда Кара-Суу шаарындагы Шаркан Сай суусуна секирип кеткен 22 жаштагы баланы куткарып калышкан.

Басма сөз кызматы ошондой эле, 13-августта саат 10:45 чамаларында Чоң чүй каналынан 40-45 жаштагы аялдын денесин таап чыгышкан.

Расмий маалыматтар боюнча жыл башынан бери өлкөдө 70тен ашык жаран чөгүп кетсе, алардын 18и жаш балдар.

Пикир

Оставить комментарий