• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаштарга ыктаган Өкмөт башчысы

Өкмөт 0

Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуудан кийин жаш ишкерлердин өкүлдөрү өз ойлору менен бөлүштү:

Данияр ЭМИЛОВ, “Предприниматель” бизнес форумунун негиздөөчүсү:

“Жаштарды колдоо менен гана мамлекетибизди көтөрсөк болот”

- Данияр мырза, премьер-министр өкмөт жаштарга колдоо көрсөтөөрүн билдирди. Сооронбай Жээнбековдун жаштарга мындай дем берүүсү сизге кандай таасир калтырды?

- Негизи, буга чейин бийликтеги жетекчилер менен мындай форматтагы жыйындар көп эле болгон. Чиновниктер тарабынан “силердин ишиңерге шык беребиз, дем беребиз” дегендей сөздөр айтылчу. Мындай жолугушуудагы айтылган сөздөр, убадалар ишке ашса, ошондо гана бизге жакшы таасирин тийгизет деп ойлойм. Премьер-министрдин жаштар менен жолугуп, алардын пикирлерин укканы да абдан маанилүү. Өкмөт башчысы жаңы технологияларды өздөштүрүп, терең билим алган жаштарды баалай турганы байкалып турду. Биз ушундай жаштарды колдоо менен гана мамлекетти көтөрсөк болот.

Индира ТЕМИРКАНОВА, “Стартап «Келин на час» долбоорунун негиздөөчүсү:

“Жаштар форумуна өкмөт башчынын келиши биз үчүн дем-күч берди”

- Индира айым, “Мен Кыргызстанды ѳнүктүрѳм” аталыштагы форум өз максатына жеттиби?

- Өлкөбүздөгү жаш ишкерлер премьер-министр менен жолугушуп, дем-күч алдык. Анткени, өлкөдөгү ушундай даражадагы адамдын убактысын бөлүп, бизге келип бергени эле чоң колдоо. Ал эми биздин долбоор жөнүндө айта турган болсок, “Мен Кыргызстанды өнүктүрөм” долбоорунун алкагында мурун эле утуп келген. Буга чейин каржылык колдоо алганбыз. Азыр биз ошонун үзүрүн көрүп жатабыз.

Пикир

Оставить комментарий