• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлгө Ташкенттен туристтик мезгилдин алгачкы учагы келип конду

Аймак 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 11-июлда жайкы туристтик мезгилдин алгачкы Ташкент-Тамчы-Ташкент маршруттук каттамын тосуп алды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматк аылайык, эл аралык авиамаршрутту Ташкенттен Ысык-Көл облусуна Uzbekistan Airways авиакомпаниясы аткарып, ал 40 жүргүнчүнү жеткирди.

Авиакомпания каттамды жумасына 1 жолу — жекшемби күнү жүргүзүүнү пландоодо.

Учуу убактысы - 1 саат 30 мүнөт.

«Урматтуу жүргүнчүлөр! «Манас» эл аралык аэропорту» ААК авиабилеттердин баасын көзөмөлдөп же ага таасир тийгизе албайт, билеттерди сатууга да тиешеси жок. Баа саясатын авиабилеттерди ишке ашырган авиакомпания ички эрежелерине ылайык аныкташат»", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий