• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Cуу жылытуучу каражатты өчүрүп, кранды текшерүү зарыл. Бишкек мэриясы жарандарга кайрылды

Коом 0

Бишкек, 15.06.22./Кабар/. Эртең, 16-июндан тарта Бишкекте ысык суу бериле баштайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, калаада ысык суу 16-майдан тарта өчүрүлүп, жылуулук тармагында оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

"Ысык суу берилерде суу агып кетпеш үчүн суу жылытуучу каражаттарды өчүрүп, крандарды текшерүү жана жабуу сунушталат", - деп айтылат маалыматта.

Кошумча суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот:

Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 1980.

Диспетчер кызматы: 56-85-58.

Борбордук райондордун нөөмөттөгү инженерлери: 36-57-19,30-07-67.

Шаардын түштүгүндөгү райондордун нөөмөттөгү инженерлери:51-06-22, 21-74-06.

Пикир

Оставить комментарий