• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбек ырчыларына чет элдик ырларды өзбек тилине которуп ырдаганга тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Өзбек бийлиги расмий түрдө ата мекендик ырчылардын орусча, арабча, түркчө, ирандардын чыгармаларын өзбек тилинде аткарууга тыюу салды. Ал эмиYouTube”колдонуучуларын мындай чыгармаларды жайгаштырбоого чакырды.

Журналисттер билдиргендей, мындай чечим президенттин кеңешчиси Хайриддин Султанов тарабынан кабыл алынып, Өзбекстандагы дээрлик бардык концерттерге көз салган “Өзбекконцерттин” администрациясына жеткирилген. Ошондой эле,чет элдик ырларды өзбек тилинде ырдаган ырчылардын чыгармалары радио-теледе көрсөтүлбөй турганы эскертилген.

Маселен өзбек ырчыларына “Катюша” ырын орус тилинде аткарганга болот. Бирок өзбек тилине которулган тексти эфирге чыгарылбайт.

Жакында эле азербайжан тилиндеги "Пари" (O'g'irlangan) ырын өзбек тилине которгон ырчы Бахром Назаров журналисттерге чындап эле анын бул ыры эфирге чыкпай жатканын тастыктаган.

Өзбек телеканалдарында аталган темада ток-шоулор уюштурулуп, сюжеттер жасалууда. Анда өзбек ырчыларынын репертуарындагы чыгармалардын 90%пайызы чет элдик ырлардан которулганы айтылат. Бийликтин бул сунушун бир катар ырчылар, атка минерлер колдоого алышууда. Анткен менен каршы чыккандар да жок эмес.

Булак: www.asiaplus.tj/ru/news/centralasia/20170629/

Пикир

Оставить комментарий