• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстан аймагына өткөн 53 афган аскери мекенине кайтарылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. 23-июнда 53 афганчек ара кызматкери жана жергиликтүү кошуундун аскерлери курал-жарактары менен Өзбекстандын аймагындагы Шортепа уездине киришкен.

Өзбекстан ТИМинин маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү тергөө процедуралары көрүлгөндөн кийин афган жарандары мекенине кайтарылган.

“Өзбек аймагына мыйзамыз өтүү үчүн кандай гана аракет болбосун катаал чара көрүлөт” деп белгилеген министрлик.

Расмий маалыматка караганда, өзбек тарап Афганистан менен достук жана ынак коңшулук мамиледе болуп, өлкөнүн көз карандысыздыгын жактап, ошол эле учурда коңшулардын ички ишине кийлигишпейт.

Тажик-афган чек арасындагы кырдаалды 23-июнда Өзбекстан жана Тажикстан президенттери телефондо талкуулашкан. Шавкат Мирзиёев менен Эмомали Рахмон Афганистан чек арасындагы абал өтө чыңалып турганын белгилешкен.

Пикир

Оставить комментарий