• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстан Россиядан дагы 700 жаранын автобус менен алып келет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 6-октябрда Өзбекстандын Транспорт министрлигине караштуу «Узавтотранс сервис» ишканасы уюштурган 15 автобус менен Россиянын Казан шаарынан 700гө жакын өзбекстандык мекенине келет.

Өзбекстандын Транспорт министрлигинин маалыматына караганда, бул автобустар Казан шаарынан 26-сентябрда чыккан.

Өткөн жумада Россиянын Самара облусунда топтолгон 750 өзбекстандык мигрант 15 автобус менен мекенине жеткирилген.

Буга чейин Россиянын Ростов жана Самара облустарында Казакстандын транзитке уруксат беришин күткөн Өзбекстандын миңдеген жараны чатырларда жашап жатканы кабарланган. Алардын көбү Россиянын Ростов жана Самара облустарында жайгашкан.

Сентябрдын аягында Россия бийлиги мекенине кете албай жаткан мигранттарга берилген миграциялык жеңилдиктердин мөөнөтүн 15-декабрга чейин узарткан. Ага ылайык, патент, виза, миграциялык каттоо жана ишке уруксат берчү башка документтердин мөөнөттөрүн узартуу талап кылынбайт. Бул арада мөөнөтү аяктаган документтер да жокко чыгарылбайт.

Пикир

Оставить комментарий