• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда 19 жыл түрмөдө отурган журналист эркиндикке чыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.03.18 /Кабар/. Өзбекстанда 19 жылдан бери түрмөдө отурган журналист Юсуф Рузимуродов Чирчик шаарындагы абактан бошотулду. Бул тууралуу өзбек укук коргоочусу Исмаил Адилов 2-мартта билдирди.

Анын айтымында, 54 жаштагы Розимуродов абактан 22-февралда коё берилип, учурда өзүнүн кичи мекени - Кашкадарыя облусундагы үйүндө жүрөт.

– 1999-жылы соттолгон журналист мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты. Туугандарынын айтымында, учурда анын абалы жакшы, – деди укук коргоочу.

1999-жылы Ташкентте болгон жардыруулардан кийин кармалган Юсуф Рузимуродов президентти өлтүрүү, өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн өзгөртүү жана кылмыштуу топ түзүү боюнча айыпталып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Кийин дагы башка айыптар тагылып, камактагы мөөнөтү узартылган.

Журналист камалганга чейин Миришкор районундагы мектептердин биринде орус тили жана адабияты мугалими, ошондой эле оппозициялык «Эрк» гезитинин кабарчысы болуп иштеген.

Пикир

Оставить комментарий