• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда аял уулун 1000 долларга сатууга аракет жасаган

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 08.11.18. /Кабар/.Ташкентте аялдын уулун 1000 долларга сатууга аракет жасаганы аныкталды. Бул тууралуу Өзбекстандын ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

5-ноябрда Ташкенттин Яшнабад районунда Н.Ё. аттуу Хорезм облусунун Хазарасп районунда жашаган 20 жаштагы жаран уулун сатууга аракет жасап жаткан жеринен кармалган.

2017-жылдын 4-ноябрында төрөлгөн уулун апасы 1000 долларга сатууну көздөп жаткан. Ташкенттин ички иштер башкы башкармалыгы жана прокуратуранын органдары ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий