• 84.8
  • 102.4
  • 1.15

Өзбекстанда дагы бир иш менен камсыздоо агенттиги жарандарды алдап кетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Өзбекстанда Rekrut Consulting work иш менен камсыздоо агенттиги 24 кишини жалпысынан 51 миң долларга алдап кетти.

Ташкент шаардык милициясы кабарлагандай, өзбекстандык жарандар бул агенттикке Швейцария жана Австрияда жумушка орношуу үчүн кайрылышкан. Агенттиктин кызматкерлери кызмат көрсөтүү үчүн алардан акча алып, бирок убадаларын аткарышкан эмес. Мындан соң алданып калган жарандар Интернет аркылуу видеокайрылуу жасашкан.

Маалыматка караганда, агенттикке кайрылган жарандарга 1700дөн 2600 долларга чейин айлык төлөнгөн жумуштар сунушталган.

Бул факт боюнча «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Соңку мезгилде Өзбекстанда иш менен камсыздоо агенттиктерине алданып калган жарандардын саны көбөйүүдө. 2019-жылы ноябрда «Navoiy» агенттиги Түштүк Кореядан иш сунуштап, 211 кишини 67 миң долларга алдап кеткен. Жергиликтүү басылмалар 65 агенттиктин ичинен 30у чет өлкөгө бир дагы киши жөнөтпөгөнүн жазышкан.

Пикир

Оставить комментарий