• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда "Док-1 Макс" дарысын ичкенден кийин 65 бала каза болгон

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. Өзбекстанда Индиянын Marion Biotech компаниясы өндүргөн "Док-1 Макс" дарысын ичкенден кийин 65 бала каза болгон. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку соту балдардын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин айыптоо корутундусуна таянып кабарлады.

Өзбек бийлиги жөтөлгө каршы аталган дарыны ичкенден кийин көз жумгандардын саны боюнча маалыматты акыркы жолу январдын башында жарыялаган. Анда "Док-1 Макс" сиробун ичкенден кийин 20 бала өлгөнү айтылган.

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы өткөн жылы декабрдын аягында "Док-1 Максты" ичкен балдардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, бул дарыны экспорттогон Quramax Medical компаниясы менен Дары-дармекти стандартташтыруу илимий борборунун кызмат адамдары кармалганын билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, Marion Biotech сиропту өндүрүүдө колдонулган пропиленгликолду Maya Chemtech India деген компаниядан сатып алган. Фармацевтикалык материалдарды сатууга лицензиясы жок бул компаниянын өкүлдөрү алар саткан пропиленгликолду өндүрүштүк максатта гана колдонууга болорун моюнга алышкан.

Өткөн айда Reuters агенттиги өз булактарына таянып, "Док-1 Макстын" курамында кир жуучу каражаттарды, антифризди, боёкторду жана башка уулуу заттарды өндүрүүдө колдонулган пропиленгликол бар болгонун билдирген.

Өзбекстан балдардын өлүмүнө байланыштуу "Док-1 Макс" сиробун сатууга 2022-жылы декабрдын аягында тыюу салган. Бул окуядан кийин Кыргызстандын дарыканаларында да бул дарыны сатуу убактылуу токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий