• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда электр энергиясы менен камсыздоо толук калыбына келтирилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Өзбекстандын Энергетика министрлиги 27-январь күнү кечке карата өлкөнүн бардык аймактарын электр энергиясы менен камсыздоо толук калыбына келтирилгенин билдирди.

Расмий маалыматтарга караганда, Туракурган ЖЭБинен башка өлкөдөгү бардык электр станциялар кадимки режимде иштеп жатат.

"Маал-маалы менен өчүрүү болбошу үчүн жарандарды өзгөчө зарылчылык жок учурларда кошумча электр жылыткычтарды күйгүзбөөгө чакырабыз", — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Мекеме 27-январга карата өлкөнү газ менен камсыз кылуу да толук калыбына келтирилгенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий