• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 167ге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Өзбекстанда коронавирус жуктурган жаңы 9 учур катталды. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жуктургандардын саны 167ге жетти.

Бүгүн, 31-мартта эртең менен сегиз жаңы учур катталганы маалымдалган.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур 15-мартта катталган.

Пикир

Оставить комментарий