• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктурган дагы бир бейтап айыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда дагы бир коронавирус жуктурган адам толугу менен айыкты. Ал кечээ реабилитацияга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

Ал аял 14-мартта Лондондон Ташкентке учуп келген. Ал эми 16-мартта андан коронавирус инфекциясы аныкталган. Ал Вирусология илимий-изилдөө институтунун клиникасында дарыланган.

Бүгүнкү күнгө карата Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 172ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий