• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 568ди түздү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 568 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 59 учур катталган. Ал эми 59 жаран илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго которулган.

"8-майдан баштап Өзбекстанда аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган. Ал эми 11-майдан тарта чектөөлөр район жана шаарлардын деңгээлинде иштей баштады", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда 2 миң 568 адам илдет жуктурса, анын 2 миң 40ы айыккан. Ал эми коронавирус жуктурган 10 бейтап каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий