• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 20,2 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 20 миң 226 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 573 жаңы учур катталган. Ал эми 359 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап каза болду.

Өзбекстанда 13-июлдан 1-августка чейин карантиндик чектөөлөр катаалдады. Медициналык мекемелер 18-июлдан тарта бейтаптарды коронавирусту аныктоочу тест жүргүзбөстөн кабыл ала баштаган.

Өлкөдө коронавирустан 10 миң 831 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 111 бейтап каза болду. 9 миң 283 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 133 адамдын абалы оор болсо, 63үнүн абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий