• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 3 миң 965 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 3 миң 965 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 91 учур катталган. Ал эми 73 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда карантин 15-июнга чейин узартылган.

Учурда өлкөдө 3 миң 965 адам илдет жуктурса, анын 3 миң 87си айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 16 бейтап каза болду. 862 бейтап ооруканаларда дарыланууда, алардын тогузунун абалы оор болсо, бирөө өтө оор абалда.

Пикир

Оставить комментарий