• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ооруларды алдын алуу департаментинин директору Жороев беткап тагынуунун коопсуздугу туурасында айтып берди

COVID - 19 0

Бишкек, 05.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бүгүнкү күндө беткап маселеси бир гана Кыргызстанда эмес, бүткүл дүйнөдө ооруну алдын алуу жана таратпоо чаралардын бири болууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө мамлекеттик департаментинин директору Абдыкадыр Жороев билдирди.

Анын айтымында, Чехия жана Япония өлкөлөрүндө беткап оорунун алдын алуу чаралары болууда.

“Чехияда беткап тагынуунун эрежесин бузган учурда өтө чоң суммада айыппул каралган. Кыргызстанда санитардык-эпидемиологиялык талаптар иштелип чыккан. Талаптардын ичинен эң негизгиси болуп беткап маселеси турат. Мындан улам күнүгө мониторинг жүргүзүп жатабыз. Беткап тагынуу талабы аткарылбай жатканына күбө болуудабыз”, - дейт ал.

Жороев кошумчалагандай, беткап оорунун жугуусуна жана таралышына бөгөт коёт.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, коронавирус жуктурган бир адам ооруну 20-30 кишиге жуктурууда.

“Байланышта болгондордун саны көп болууда. Бүгүнкү күндө 8 миңден ашык жаран үй карантининде. Анын ичинен 120дай адам карантиндик талаптарды сактаган эмес. Жалпы 125 миң жаран үй карантинине алынган. Өткөн суткада каза болгон 2 жаран да учурунда байланышта болгондуктан илдетти жуктуруп алган. Андыктан беткап, антисептикти колдонуу кажет”, - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий