• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акыркы маалыматтар: 730 адамдан COVID-19 табылып, 6 бейтап көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 20.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда 20-июнга карата коронавирус дагы 730 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 321, Ош шаарында – 100, Чүй облусунда – 74, Ош облусунда – 74, Талас облусунда – 13, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 68, Баткен облусунда – 65 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 344 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 205, Ош шаарында – 21, Чүй облусунда – 47, Ош облусунда – 26, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 16, Баткен облусунда – 15 адам", - деп айтылат билдирүүдө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 375 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 611 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 547 бейтаптын абалы орто оордукта, 709 адамдын абалы оор жана 99 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 27 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми сутка ичинде стационардан 4, үй карантининен 9 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 5 миң 85 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 747 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 115 миң 30 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 105 миң 50 киши айыгып чыкса, 1 миң 931 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий