• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 29 миңге жакын киши үй карантининде болууда

COVID - 19 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 29 миңге жакын киши үй карантининде болууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов билдирди.

Ал белгилегендей, үй карантининде болгон жарандарды кароо үчүн мобилдик топ түзүлүп, мобилдүү топко эпидемиолог, жугуштуу оорулар боюнча дарыгер, лаборант, айдоочу жана медайым кирген. Учурда өлкө боюнча 253 мобилдүү топ бар.

"Бул күнгө чейин жалпы 81 миң 36 киши үй карантинине алынган. Анын ичинен 52 миң 328 киши үй карантининен чыгарылса, 28 миң 708 адам үй карантининде болууда, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 30-апрелге карата коронавирус жуктурган 17 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 746ны түзөт. Алардын ичинен 462 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий