• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Үсөнбаев: Коронавирус жуктурган милиция кызматкеринин оорусу жеңил түрдө өтүп жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган милиция кызматкеринин оорусу жеңил түрдө өтүп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалымат жыйында Үсөнбаевге Саламаттык сактоо министрлигинин имаратын кайтарып иштеп, коронавирус жуктурган милиция кызматкеринин абалы кандай деген суроо узатылды.

"Анын оорусу жеңил түрдө өтүп жатат. Анда оорунун белгилери байкалган жок. Аны менен чогуу иштеген, тыгыз байланышта болгондор бар. Алардын баары лабораториялык тестирлөөдөн өтүп, медициналык көзөмөлдө турушат", - деди ал.

Анын айтымында, укук коргоо орган кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктурган башка учур жок.

"Азыр ошол бир учур болуп жатат. Ал менен 90го жакын адам байланышта болгон, чогуу иштеген 200дөй милиция кызматкер бар. Алардын баарын карап, көзөмөлгө алып жатабыз. Алардын арасында оору жуктургандар катталган жок", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 17-апрелге карата коронавирус жуктурган 23 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 489га жетет. Алардын ичинен 114 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий