• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

23-март. Кыргызстанда коронавирусту жугузган жаңы учур катталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар. Үстүбүздөгү жылдын 23-мартына карата Кыргызстанда коронавирусту жугузган жаңы учур катталган жок. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Эске салсак, ушул тапта COVID-19 вирусуна менен ооруган адамдардын саны – 14. Алар: 6 - эркек, 8 - аял.

Бейтаптардын арасынан Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор деп аныкталып, 1949-жылкы эркек-бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулду. Ал эми калган 12 бейтаптын абалдары канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинине алынды.

Белгилек кетсек, КР саламаттык сактоо министри 18-мартта Кыргызстандан коронавирус жугузган алгачкы үч учур катталгандыгы тууралуу маалымдаган болчу.

Пикир

Оставить комментарий