• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавирус менен күрөшүп жаткан бейтаптардын дарылануусун ким каржылап жатат? — жооп

COVID - 19 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде 17-апрелге карата Кыргызстандагы акыркы эпидемиологиялык кырдаал боюнча маалымат берди.

Анын айтуусунда, учурда өлкө боюнча коронавирус жуккандардын жалпы саны 489 адамга жетти, анын ичинен 23 учур жаңы катталды.

"Азыркы тапта стационарда 370 адам жатат, төртөө реанимацияда. Дарыланып жаткан бейтаптардын баардыгы мамлекеттин эсебинен каржыланууда. Алардын каражаты бул жерге жумшалбайт", - деп баса белгиледи ал.

Тастыкталган 489 учурдун ичинен:

  • Жалал-Абад облусу – 93
  • Ош облусу – 135
  • Ош шаарында – 73
  • Чүй облусунда – 28
  • Бишкек шаарында – 102
  • Баткен облусунда – 5
  • Нарын облусу – 45
  • Ысык-Көл облусунда – 8 адам бар.

Үстүбүздөгү жылдын 17-апрелине карата 114 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми каза болгондордун саны - 5. COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин саны 116га жетти.

Пикир

Оставить комментарий