• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 30 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 30 миң 197 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 738 жаңы учур катталды. Ал эми 936 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап каза болду.

Өзбекстанда карантин режими 15-августка чейин узартылган.

Өлкөдө коронавирустан 22 миң 316 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 188 бейтап каза болду. 8 миң 691 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 974 адамдын абалы оор болсо, 274үнүн абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий