• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 4,8 миңден ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.06.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 4 миң 819 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 124 учур катталган. Ал эми 105 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда карантин 15-июнга чейин узартылган. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

8-июндан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен шаардык жана шаар четиндеги маршруттардагы коомдук транспорт иштей баштады, метродон тышкары. Ошондой эле 8-июндан тарта диний мекемелер өз ишин жандантты.

Учурда өлкөдө 4 миң 819 адам илдет жуктурса, анын 3 миң 637си айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 19 бейтап каза болду. 1163 бейтап ооруканаларда дарыланууда, алардын 12синин абалы оор болсо, экөө өтө оор абалда.

Пикир

Оставить комментарий