• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин вице-мэри борбор калаадагы эпидемиологиялык абал тууралуу айтып берди

COVID - 19 0

Бишкек, 12.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бишкек шаарында коронавирус илдетин жалпы 610 жаран жуктуруп алды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, алардын 85и сырттан келген жарандар болсо, 525и байланыштын негизинде илдетти жуктурган.

"Ошондой эле илдетти жуктурган 610 адамдын 482си шаардын ичинде жашайт, 128и шаар четинде жашаган адамдар. Ал эми илдеттен 367 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылды. Медициналык көзөмөлдө 370 адам болууда. Илдеттин кесепетинен 5 адам каза болду", - дейт ал.

Кузнецова кошумчалагандай, жалпы 610 учурдун 335и эркек, 275и аял.

"Жаш курагы боюнча 1 жаштан 18 жашка чейин – 72; 18 жаштан 30 жашка чейин – 183; 30 жаштан 60 жашка чейин – 292; 60 жаштан жогору 63 адам. Ал эми илдетти 134 медкызматкер жана 45 милиция кызматкери жуктурган", - деди Кузнецова.

Белгилей кетсек, 12-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2166 учур катталды. Алардын ичинен 425и медицина кызматкери. Илдеттен 1668 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 26 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий