• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда коронавируска каршы вакцинадан улам каза болгон бир да учур каттала элек

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Өзбекстанда коронавируска каршы вакцинадан улам каза болгон же катуу ооруган бир да учур каттала элек. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча штабдын мүчөсү Севара Убайдуллаева билдирди.

Августтун аягында өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги Хорезм облусунда жергиликтүү тургун вакцина алгандан кийин өзүн жаман сезген учурду өз көзөмөлүнө алганын билдирген.

27-августта социалдык түйүндөрдө бир келин эс-учун жоготуп жерде жатканы тартылган видеотасма тараган. Анын автору кадр сыртында келин Өзбекстан менен Кытай биргелешип өндүрүп жаткан ZF-UZ-VAС2001 вакцинасын алгандан кийин өзүн жаман сезип, көзү жакшы көрбөй калганын айткан.

Убайдуллаева бул окуя боюнча Саламаттык сактоо министрлиги жумушчу топ түзүп, анын мүчөлөрү Хорезм облусуна барганын, келиндин абалы менен эмдөөнүн байланышы аныкталбаганын билдирди.

Анын айтымында, вакциналардын нускамасында алардын организмге тийгизе турган терс реакциялары көрсөтүлгөн. Арасында эмделгенден кийинки бир сааттын ичинде башталып, бейтаптын өлүмүнө алып келиши мүмкүн болгон анафилактикалык шок (олуттуу аллергиялык реакция) да бар.

Пикир

Оставить комментарий