• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маморгандардын басма сөз кызматтарынын өкүлдөрүнө жаңы шайлоо системасы тууралуу маалымат берилди

Шайлоо 2023 0


Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын өкүлдөрүнө КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн алкагында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

Жаңы шайлоо системасы, "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр , шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгү боюнча суроолор жолугушуунун темасы болду.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо комиссияларына КР ЖК шайлоосуна даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууда өбөлгө көрсөтүүгө милдеттүү экендиги айтылды.

Керектүү жабдууларды, унаа каражаттарын, жайлар менен камсыз кылуу, шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү менен байланышкан шайлоо комиссияларынын кайрылууларына жооп берүү.

Жолугушуунун катышуучуларына КР БШКнын Ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобунун (ЫККТ) ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти. Шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда, шайлоо комиссияларынын чечимдери менен, БШКнын жана АШКнын деңгээлинде КГРС түзүлөт, аларга БШК, АШК мүчөлөрү, БШК аппаратынын кызматкерлери, ГП, ИИМ, улуттук коопсуздук органынын өкүлдөрү кирет.

Жолугушууда алар жарандарды маалымдоо, шайлоо алдындагы үгүт иштерин камтыган жана жарандардын эркин, шайлоонун ачыктыгын билдирүүгө камсыздоого багытталган шайлоону маалыматтык камсыздоону талкуулашты.

Жолугушуу Кыргыз Республикасында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында, Медиа мектеп форматында өттү.

Пикир

Оставить комментарий