• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирустан айыккандардын саны 859 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирустан айыккандардын саны 859 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ташкент медициналык академиясынын көп тармактуу клиникасында 14 бейтап, Эпидемиология, микробиология жана жугуштуу оорулар илимий-изилдөө институтунун клиникасында 2 бейтап айыгып чыкты. Алар реабилитацияга жөнөтүлдү.

Хорезм облустук жугуштуу оорулар ооруканасында да 33 бейтап илдеттен айыккан.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1887 адамды түзөт. Ал эми илдеттен 859 адам айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий