• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирустан жети киши айыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.03.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус илдетине чалдыккан жети киши айыкты. Бул тууралуу бүгүн Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Бактыга жараша биздин өз өмүрүн аябай тобокелге салган жана мекенчил дарыгерлерибиздин аркасы менен коронавирус жуктурган 7 бейтап ал оорудан сакайып кетишти”,- деп айтылат билдирүүдө.

Алар Республикалык терапия жана медициналык реабилитация адистештирилген илимий-практикалык медициналык борборуна жөнөтүлдү.

Коронавирустан айыккан адамдар бир нече убакыт аталган борбордо болушат.

Акыркы мааламыттар боюнча, Өзбекстанда коронавирус жуккан дагы 29 учур катталып, ооругандардын саны 133 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий