• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирусту жуктургандардын саны 13гө жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирусту жуктургандардын саны 13гө жеткенин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, COVID-19 вирусу аныкталган жарандын жубайынан коронавирус аныкталды. Ошондой эле илдет Стамбул-Ташкент каттамы менен учуп келген өзбек жаранынан катталды.

"Бүгүнкү күндө 13 бейтапта илдет тастыкталды. Алардын абалы канааттандырарлык", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Өзбекстанда 2,1 миң адам карантинге алынган.

Эскерте кетсек, өлкөдө коронавирусту жуктурган алгачкы учур 15-мартта катталган.

Пикир

Оставить комментарий