• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда кыргыз тилдүү 56 мектеп бар

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16-июнь /Кабар/. Өзбекстанда кыргыз тилдүү 56 мектеп бар. Анда 8 миңге чукул окуучу билим алат. Бул маалыматты Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Анжиян мамлекеттик окуу жайында “Улуттук тил жана адабият”, “Кыргыз тил жана адабият” багытында студенттер билим алат. Алсак, 2015-2016-окуу жылында анда 75 студент окуган.

Ошондой эле, Өзбекстанда 6 улуттук маданий борбор бар. Алар: Анжиян, Наманган, Фергана, Джизак, Сырдарья облустарында орун алып, Өзбекстандагы Республикалык кыргыз маданий борбору менен байланышта иш алып барат.

Эскерте кетсек, борбор Ташкентте 1995-жылдан бери иштеп келет.

Булак: CA-NEWS

Пикир

Оставить комментарий