• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Казакстан коронавируска каршы вакцина алуу тууралуу Россия менен макулдашууга кол койду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Казакстандын мамлекеттик «СК-Фармация» компаниясы россиялык вакцинаны сатып алуу тууралуу Россиянын түз инвестициялар фонду менен макулдашууга кол койду.

Казакстандык аткаминерлердин Москвага болгон сапары жөнүндөгү казак өкмөтүнүн сайтына жарыяланган билдирүүдө Нур-Султан «Спутник V» вакцинасын алууга даяр экени жазылган. Буга чейин батыш окумуштуулары бул каражат толук сыноодон өтпөгөнүн айтып, анын коопсуздугу жана натыйжалуулугунан күмөн санап жатышканын билдиришкен.

«Вакцина клиникалык сыноонун бардык баскычтарынан өткөндөн кийин алынат. Ал Казакстанда тобокелдик тобундагы адамдар үчүн бекер жана ыктярдуу болот», - деп жазылган билдирүүдө.

12-августта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев күзүндө вакцина сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Россияга атайын делегация жөнөтүлөрүн айткан. Мамлекет башчынын бул билдирүүсү коомдо талкуу жараткан. Көп өтпөй өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги Казакстан вакцинаны бардык сыноолордон өтмөйүнчө сатып албай турганын билдирген.

Ушу тапта дүйнө жүзү боюнча вакцинанын 100дөн ашык түрү иштелип чыгууда. Россия алгачкылардан болуп COVID-19га каршы вакцинаны каттоого алып, октябрда колдонула баштай турганын жарыялаган. Ошол эле маалда батыш окумуштуулары россиялык вакцина сыноонун бардык баскычтарынан өтө электигин белгилеп, ал кооптуу болушу мүмкүн деген тынчсызданууларын билдиришкен. 21-августта Reuters агенттиги британиялык вирусологдорго шилтеме кылып, вакцина вирустун мутациясын жаратып, ал натыйжасыз болуп калышы мүмкүндүгүн жазган. Москва бул маалыматты четке каккан.

Россияда өндүрүлгөн вакцина июнь жана июль айларында сыноонун эки баскычынан өткөн. Алгачкы сыноого 38 жаран жана 38 аскер кызматкери, экинчисине 100 киши катышкан. Россиянын түз инвестициялар фондунун маалыматына караганда, сыноолор Сауд Арабиясында, Бириккен Араб Эмираттарында жана Филиппинде да өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий