• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 268 учур катталды. Жалпы 42 миң 903

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 42 миң 903 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 268 жаңы учур катталды. Ал эми 293 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап каза болду.

Өлкөдө 4-сентябрдан тарта мечиттерде жума намазын окууга уруксат берилди, ал эми 5-сентябрдан тарта кинотеатрлар, сейил бактар, ошондой эле карантиндик коопсуздук чараларын так сактоо менен коомдук тамактануу жайлары (кафе, ресторан, ашкана жана чайканалар) өз ишин жандантат.

Өзбекстанда коронавирустан 40 миң 176 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 336 бейтап каза болду. 2 миң 391 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 351 адамдын абалы оор болсо, 181инин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий