• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 421 учур катталды. Жалпы 14293

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 14 миң 293 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 421 учур катталган. Ал эми 604 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 4бейтап каза болду.

Өзбекстанда 10-июлдан 1-августка чейин карантиндик чектөөлөр катаалдады.

Ошондой эле Өзбекстан коронавирус эпидемиясына байланыштуу 13-июлдан тартып 1-августка чейин жаңы чектөөлөрдү киргизди. Дем алыш күндөрү транспорттук каражаттардын, анын ичинде таксилердин жүрүшүнө тыюу салынды. Жашы 65тен жогору кишилер обочолонуусу зарыл.

Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык комиссия 13-июлдан тартып ички аба жана темир жол каттамдары токтой турганын билдирген. Поезд үчүн алдын ала билет сатып алгандардын акчасы кайтарылат, авиабилеттерди болсо кийин, жыл ичинде колдонсо болот.

Өлкө боюнча 13-июлдан тартып чач тарачтар жана сулуулук салондору жабылды.

Учурда өлкөдө 14 миң 293 адам илдет жуктурса, анын 8 миң 328и айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 68 бейтап каза болду. 5 миң 898 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 51инин абалы оор болсо, алтысынын абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий